Архив доступен 227 сообщений С 2026 года

Лента канала хранится отдельно от общего реестра и подгружается страницами, чтобы аналитик мог читать архив без тяжёлого общего поиска поверх сообщений.

ЕАЭБ күйүүчү майдын айрым түрлөрүн импорттоодо бажы алымдарынан бошотуу мөөнөтүн узартты

Евразия экономикалык комиссиясы билдиргендей, жеңилдетилген тартип мотор бензинине, дизелдик күйүүчү майга, авиациялык жана кеме күйүүчү майына, ошондой эле газойлдун бир катар башка түрлөрүнө тиешелүү.

Буга чейинки чечим 2026-жылдын 30-июнуна чейин күчүндө болчу. Евразия экономикалык бирлигине мүчө болгон бир катар өлкөлөрдүн демилгелери каралып чыккандан кийин бул жеңилдиктерди дагы бир жылга узартуу чечими кабыл алынды.

@nomad_news_kg

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков дагы бир жеңишке жетишти

Ал Казакстанда өткөн жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдеште жеңүүчү болду.

25-жолу уюштурулган Qosanov Memorial эл аралык турнири 30-июнда Чымкент шаарында башталып, ага 11 мамлекеттен 250дөн ашуун спортчу катышты.

1500 метр аралыкка чуркоодо жалпы 14 спортчу күч сынашып, алардын бешөө Кыргызстандын өкүлдөрү болду. Жыйынтыгында Нурсултан Кеңешбеков 3 мүнөт 43,5 секунд убакытта маарага жетип, мелдештин рекордун жаңылады.

@nomad_news_kg